Биз социалдык тармакта

"Көпчүлүк аймакта кар жаайт". 14-мартка карата аба ырайы

Эртең, 14-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, ал эми Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдады.

Ага ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7 суук болот.

Ал эми баш калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градуска жылуу болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан