Бишкекте уурулук кылган шектүүлөр бир күнгө жетпей кармалды

Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн, 13-мартта Биринчи Май РИИБине А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул эле күнү белгисиз адамдар Чүй проспектисинде жайгашкан кичи автобустардын биринде iPhone 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 1 200 сом салынган капчыгын уурдап кетишкенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1988-жылы туулган Б.Н., 1989-жылы туулган С.А. жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын мурда бир нече жолу соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы аныкталган.

Текшерүү иштеринде кылмышка шектүүлөрдөн мурда жашыруун уурдалган уюлдук телефон жана накталай акча салынган капчык табылып алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан