Бүгүн, 13-мартта Оштун мэри Бакытбек Жетигенов элдик жыйында көтөрүлгөн арыздануулар жана кайрылуулар менен жеринде барып таанышты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, калаа башчы "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын Водозаборная, И.Закиров, Мамыров, Д.Садырбаев, Т.Атабаев, №49, Амир-Тимур көчөлөрүндө жашаган эл менен жолугушуп, айтылган көйгөй, маселелерди жеринен көрүп чыкты.
"Калаа башчысы айтылган маселелерди карап чыгып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары аталган аймакта жолдорго асфальт төшөө, балдар аянтчаларын, ирригациялык тармактарды жана тротуарларды куруу, көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө, кичи автобустардын каттамдарын уюштуруу, уруксаты жок курулуштарды алып салуу боюнча да маселер бар.