Казакстанда насыбайга толук тыюу салуу сунушталды

Коңшу Казакстандын "Аманат" партиясынын депутаты Амантай Жаркынбек өлкөдө насыбай таратууга толугу менен тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Депутат мындай сунушу менен вице-премьер-министр Тамара Дүйсенова менен Ички иштер министрлигинин башчысы Эржан Саденовго кайрылган.

Депутат белгилегендей, бүгүнкү күндө каалаган адам, анын ичинде мектеп окуучулары да насыбайды эркин сатып ала алышат.

"Тилекке каршы, буга чейин жаш муундар гана колдонсо, азыр жаштар, жадакалса кыздар да көз каранды болуп калышты. Алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Андан сырткары, бул терс адат спортчулардын арасында да көнүмүш адатка айланып калганын кантип түшүнсөк болот?", - деген ал кайрылуусунда.

Ошондой эле ал насыбай ооз рагына, тукумсуздукка алып келерин дарыгерлер кулак кагыш кылып жатканын белгилеп, бул боюнча бийлик комплекстүү чараларды көрүүсү керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан