Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Унаа" мекемесинин батыш бөлүмү ишин токтотот

15-марттан тарта Бишкектеги "Унаа" мамлекеттик мекемесинин батыш бөлүмү ишин токтотот. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган бөлүмдүн кеңсеси жайгашкан Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегиндеги имарат реконструкцияга жабылды.

Ага ылайык, "Унаа" мекемеси Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрүндө кезек күтүүнүн алдын алуу максатында 16-марттан баштап пилоттук режимде төмөнкү бөлүмдөрдү жети күндүк иш тартибине өткөрөт:

- Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан Аламүдүн бөлүмү;

- Таш-Дөбө айылы, Больничная көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан Таш-Дөбө сектору;

- Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан Сокулук-Москва бөлүмү.

Эске салсак, 26-февралдан тарта Бишкек шаардык бөлүмү түшкү тыныгуусуз жети күндүк иш графигине өткөн.

Ал эми борбор калаанын батыш тарабынын тургундары ишембиден шаршембиге чейин саат 08:30дан 17:30га чейин “РИОМ-Авто” унаа базарынын аймагында жайгашкан аймактар ​​аралык бөлүмүнө кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан