Социалдык тармактарда сөгүнүп сүйлөгөн жаран коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, интернет тармагында шайтан араба жүрүүчү жолдо авто унаасын айдаган айдоочу тууралуу видео тараган. Ал эми Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери эреже бузган айдоочуну таап, туура эмес жолдо жүргөндүгү жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 2 миң сом айып салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Ошондой эле айдоочу жоопкерчиликти толук моюнуна алып, коомчулуктан кечирим сурады.