Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды

Мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы айыл чарба министри Э.Ч. "Лиматекс пахта корпорациясы" ишканасынын аткаруучу директору болуп турганда компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) ылайык кылмыш иши козголгон.

Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр Ч.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Ал эми келтирилген зыян алдын ала 500 миллион сомго бааланууда" дейт атайын кызмат.

Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

УКМК берген маалыматтагы инициалдар Чодуев Эркинбек Урайымовичке туура келет. Ал 2019-2020-жылдары Айыл чарба министри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан