Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр Орусиянын Алтай аймагында Федералдык аткаруу жана жаза башкармалыгы Р. Т. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (Кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу), 159-беренеси 2-бөлүгү (Төлөмдөрдү алуудагы алдамчылык) боюнча издөө жарыялаган.
Шектүү 13-мартта борбор калаага өңүнөн таануу системасы менен орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.