Ноокатта 17 жаштагы өспүрүм бала асынган абалда табылды

Ноокатта 17 жаштагы бала асынган абалда табылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ош ОИИБинен тастыктады.

Маалыматка караганда, 8-мартта милицияга Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын 2007-жылы туулган Ж.Б. аттуу тургуну каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, окуяга тиешеси бар күбөлөрдү сураган.

Каза болгон жарандын 1977-жылы туулган К.К. аттуу атасы маркум өзү жашаган үйдүн мал сарайында асынып алганын айткан. Ал дароо баласын "Тез жардам" кызматына алып барган. Бирок дарыгерлер анын каза болуп калганын айтышкан.

Ал эми маркумдун туугандары жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан