Биз социалдык тармакта

15-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 15-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан