Кадамжайда 104 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кадамжай районунда 104 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук прокуратурасы Кадамжай районуна караштуу Масалиев айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүдө укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй турган жалпы 104 гектар жер тилкеси аныкталган.
Мындан улам мыйзам бузуучуларга прокурордук акт түзүлүп, кароонун жыйынтыгы менен 634 миллион 536 миң 916 сомдук 104 гектар жер аянты Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан