Ошто Өзбекстанда диний-экстремисттик иштерге катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралу бүгүн, 14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган адам Өзбекстандын Андижан облусунун 1973-жылы туулган К.Ш.Т. аттуу жараны. Ал өз өлкөсүндө диний-экстремисттик иштерге аралашкандыгы жана Өзбекстан конституциялык түзүлүшүнө кол салгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
"Колго түшкөн шектүү Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.