Бүгүн, 14-мартта Сюита Соурбаева УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Маалыматты SUPER.KG порталына анын кесиптештери тастыктады.
Белгилүү болгондой, ал бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылды.
Сюита Соурбаева буга чейин аталган телеканалдын саясий-экономикалык жана социалдык багыттагы "Маалымат" студиясын жетектеп келген. Ага чейин "Ала-Тоо 24", "Ош ТВ" телеканалдарында директор болгон.
Журналистика тармагында 25 жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келет.