Биз социалдык тармакта

"Манас" эл аралык аэропортунда жаңы VIP-зал курулууда  

"Манас" эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн жаңы 2 миң 500 чарчы метрди түзгөн VIP-залынын курулуш иштери учурда кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта "Манас" эл аралык аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы менен жана жаңы жабдуулар менен камтылат. Аталган зал "Манас 2" имаратынын 2-кабатында орун алат.

"Жакын арада VIP-залдын курулуш иштери жыйынтыкталса ишке берилмекчи. Ал эми азыркы иштеп жаткан VIP-залдын орду жергиликтүү каттамдар аткарылып жаткан имаратка кошулуп, бардык шарттары менен жасалып өз ишин баштайт",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан