Ош шаарында “Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамдын сакталышы жана аткарылышы боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ош мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, текшерүү иштерин Ош мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүздү. Анда мамлекеттик тилдин талабына жооп бербеген, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактардын ээлерине эскертүүлөр берилди.
Ошондой эле мыйзам талабына жооп бербеген, эскилиги жеткен жарнамалар жок кылынды.