Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев бүгүн, 19-декабрда Санкт-Петербург шаарындагы “St.-Petersburg Open-2013” Эл аралык мелдешинин жарым чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Сагынбаев орусиялык Ярослав Смирнов менен кез келип, 6:1 эсебинде утуп алды.
Жарым чейрек финалда кыргызстандык бильярдчынын ким менен кез келери азырынча билине элек.