Биз социалдык тармакта

Баткенде Ноорузга карата улуттук оюндар мелдеши өтөт

Нооруз майрамына карата Баткенде улуттук оюндар — көк бөрү, кыргыз күрөшү, таяк тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш боюнча ири мелдештер өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, спорттук мелдештер 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтөт.

Ага ылайык, улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча 18 жаштан жогорку балбандар арасында Баткен облусунун биринчилиги өткөрүлөт. Салмак категориясы — 55, 62, 68, 74, 82, 90, +90 килограмм.

"Көк бөрү боюнча мелдеш Баткен шаарынын командаларынын арасында өткөрүлүп, Чет-Булак кварталындагы ат майданында орун алмакчы",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан