Биз социалдык тармакта

Марат Жуманалиевдин сөөгү бүгүн жерге берилет 

«Азия MIX» командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиевге жаназа бүгүн, 15-мартта жума намазынан кийин окулат. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.

Жаназа Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишиндеги мечитте окулат.

Ал эми Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуун саат 10:00-13:30 чейин жол тескөөчүлөр жана Муфтият өкүлдөрү менен борбордук мечитте иш алып барарын билдирди.

Эске салсак, «Азия MIX» командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев кечээ, 14-мартта көз жумду. Кээ бир маалыматтар боюнча, кулап кетип, башы менен катуу тийгени айтылууда.

Жуманалиев 1981-жылдын май айында төрөлгөн. Ал бул жылы 43 жашка чыкмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан