Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталганын ӨКМ кабарлайт.
Маалымдалгандай, аларды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган.
"Бишкек шаарында бир, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 5 жана Жалал-Абад облусунда бир тилсиз жоо катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.