Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун Таластагы жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, Талас облусундагы Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон "Эдельвейс-Тур" эс алуу жайы мамлекетке ыктыярдуу түрдө өткөрүлдү.
"Аталган жер тилкеси Равшан Жээнбеков 2000-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси болуп турганда аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Бул объектин жалпы баасы 16 миллион 871 миң сомду түзөрү кошумчаланды.