Бишкекте алдамчылыкка шектелген 20 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 6-мартта Ж.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 11-январда Б.У. аттуу жаран ага унаасынын терезесин караңгылатууга уруксат алып берем деп 25 миң сом алып, из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз 0(706) 93-96-96, 0(558) 88-99-95 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан