Токтогулда мал уурдоого шектелген жарандын үйүнөн 2 мылтык табылды

Токтогулда мал уурдоого шектелген жарандын үйүнөн 2 ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-мартта милицияга 48 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-мартта короосунан 3 кой уурдалганын айткан. Натыйжада арыз ээсине 45 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Токтогул районунун тургуну 2000-жылы туулган М.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 2 даана ок атуучу курал табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми 12-мартта анын баш коргоо чарасы Токтогул райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан