
Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 21 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалым болгондой, Тоӊ райондук администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкенин укук аныктоочу иш-кагаздары Ч.К. аттуу жаран тарабынан жасалмаланып 21 гектар аянттагы жайыт категориясындагы жер тилке жеке менчикке чыгарылганы аныкталган.
Ага ылайык, райондук прокуратура тарабынан аталган жер тилкенин укук аныктоочу иш-кагаздарын жокко чыгаруу боюнча сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылып, прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн.
Жыйынтыгында 40 миллион 950 миң сомду түзгөн 21 гектар жайыт жер мамлекеттин менчигине кайтарылган.