Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден акча жана алтын уурдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 11-мартта Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине белгисиз бирөөлөр кирип 72 миң сом акчасын жана 252 миң сомдук зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандардан төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(505) 49-06-06, 0(505) 66-01-11 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: Октябрь РИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан