Чүй облусунда окуучуларды сүзүп алып, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 13-мартта болжол менен саат 15:04тө Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Ваккер атындагы орто мектептин жанында болгон. Анда жөө өтмөктөн өтүп бараткан 4-класстын окуучуларын белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, токтобой качып кеткен.
Кылмышка шектүү делип 24 жаштагы М. уулу А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.
Учурда тергөө амалдары уланууда.