Чүй облусунун Панфилов районунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Фейсбукта өлкөдө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тиешелүү материалдарды таратуу менен алектенген баракча аныкталган.
Алынган материалдар соттук экспертизанын корутундусуна ылайык "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык экендиги тастыкталаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Р.А. аттуу Кант шаарынын тургуну аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.