Жалал-Абадда балдарды жашыруун окутуп келген медресе аныкталды

Жалал-Абаддагы жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 11-мартта жашы жете элек балдарга диний сабактарды берген жашыруун медресенин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлган.

Атайын кызмат 1998-жылы туулган диний билими жок М.Х. аттуу жаран жашаган жеринде диний сабактарды уюштургандыгын, ал жерде 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга сабактар күн сайын саат 09:00-12:00гө чейин өткөрүлүп тургандыгын аныктаган.

Ошондой эле сабактар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген жайларда өткөрүлүп келгендиги, колдонулган адабияттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окубаганы белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Х.га "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 8-10-беренелерин жана "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 142-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу жөнүндө актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынган.

"Жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан орто мектептерде жашы жете элек балдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан