Жердин силкинүүсү Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Кыргыз-Кытай чек арасында бүгүн, 15-мартта эртең менен саат 08:47де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында орун алып, Бедел айылынан 44 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.