"Арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар". Бишкекте бир катар чөнтөкчүлөр кармалды

Бишкекте чөнтөк уурулук боюнча 40тан ашык кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдиргендей, 22-январдан 22-февралга чейин бобор калаада "Чөнтөк уурулукка жол жок!" аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.

Мындай аракет шаардагы коомдук жайларда, коомдук транспорттордо чөнтөк уурулугу көбөйгөнүнө байланыштуу жүргүзүлгөн.

Ага 400дөн ашык милиция кызматкери тартылып, чөнтөк уурулук боюнча 40тан ашык кылмыштын бети ачылган.

Кармалган шектүүлөрдүн арасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда тургандар да бар экени аныкталган. Ошондой эле чөнтөк уурулук боюнча адистешкен 5 кылмыштуу топ жок кылынган.

Кылмышка шектүүлөрдү текшерүүдө ар кандай үлгүдөгү телефондор, буюмдар жана накталай акчалар табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан