"Башынан жаракат алган". Таласта 26 жаштагы жаранды урган шектүү кармалды

Таласта 26 жаштагы жаранды урган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 1998-жылы туулган К.А. арыз менен кайрылган. Ал арызында 5-март күнү Талас шаарындагы “Казына” соода борборунун алдынан бейтааныш адам уруп, ден соолугуна залал келтиргендигин билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.

Текшерүү учурунда арыз ээси башынан катуу жаракат алып, Талас облустук ооруканасына түшкөндүгү такталган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, шектүү 37 жаштагы К.К. Талас ОИИБдин тергөө абагына киргизилди. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы кошумчаланды.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан