Ала-Букада балдарды мыйзамсыз асырап алуу фактылары аныкталды

Ала-Букада документтерди жасалмалоо жолу менен балдарды мыйзамсыз асырап алышкандар белгилүү болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Билдиргендей, Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз күбөлүк берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүп, балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер жана баланы мыйзамсыз алып чыгуу фактылары аныкталган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо), 185-беренеси (Балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер) жана 188-беренеси (Баланы мыйзамсыз ташып чыгуу) менен кылмыш иши козголгон.

Прокуратуранын маалыматы боюнча Ала-Бука районунун Көк-Серек үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан К.Н. аттуу жаранга 2022-жылдын 15-февралында, ал эми Ч.Н. аттуу жаранга 2022-жылдын 15-июлунда балалуу болгондугу тууралуу тактамалар берилген. Анын негизинде Калкты каттоо департаментинин Аксы райондук аймактар аралык бөлүмү тарабынан жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөр берилген.

Бирок Көк-Серек айыл өкмөтүндө 2022-жылы жалпысынан 56 төрөт кабыл алынганы, ал эми К.Н. жана Ч.Н. аттуу жарандардан төрөт кабыл алынбагандыгы такталган.

Мындан тышкары, К.Н. жана Ч.Н. төрөт учуру катталган мезгилде өлкө аймагында болушкан эмес. Алар жасалма документтердин негизинде бала асырап алышкан жана өлкө чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгышканы аныкталган.

"Көк-Серек үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана Калкты каттоо департаментинин Аксы райондук аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлеринин, ошондой эле К.Н. жана Ч.Н. аттуу жарандардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында "Балдар жөнүндө" мыйзамдын 45-беренесинин (Баланы асырап алуунун тартиби) жана 47-беренесинин (Балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иштердин жол берилбестиги) талаптары одоно бузулган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан