Аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарында жалпы ишембилик 23-мартта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки айлык тазалоо иштеринин алкагында Бишкек мэриясы менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, чарба субъектилерин жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.