Биз социалдык тармакта

Бишкекте чарбалык субъекттерге тиешелүү аймагын кардан тазалабагандыгы үчүн эскертүүлөр берилди 

Бишкек мэриясынын кызматкерлери чарбакер субъекттердин ээлери менен иш алып барып, аларга жанаша жайгашкан аймакты кардан, муздан өз убагында тазалоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекторлор курчап турган аймакты абалга келтирүү зарылдыгын эскертишти. Түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында чарбакер субъекттер жолду кардан тазалашты.

"Убагында тазалоо шаар тургундарына жана конокторго ыңгайлуулукту жаратат жана жаракат алуу коркунучун мүмкүн болушунча азайтат",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан