Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолунда атайылап кар көчкү түшүрүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иши жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнү атып түшүрүү иши эртең, 16-мартта ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.

"Урматтуу айдоочулар! Буга байланыштуу аталган унаа жолдорунда чектөөлөр маал-маалы менен киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз",-деп эскертишти ӨКМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан