Биз социалдык тармакта

Ош шарына жаңы аймактар кошулуп, айрымдардын аталыштары өзгөрдү

Ош шаарынын курамына Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар айылдары да кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки муниципалдык башкармалыгынын аталыштары өзгөрүп, Оштун аймагында эми жалпысынан 9 муниципалдык, айылдык аймактык башкармалыктары бар:

- Ош мэриясынын “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Төлөнов көчөсү 75, болжолдуу Т.Сатылганов мектеби;

- Ош шаарынын мэриясынын “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Ленин көчөсү 294;

- Ош шаарынын мэриясынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Кулатов кичи району, болжолдуу ГОМ-3;

- Ош шаарынын мэриясы “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы. И.Раззаков проспектиси, болжолдуу "Семетей" кинотеатры;

- Ош шаарынын мэриясынын “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Амир-тимур) С.Айни көчөсү, болжолдуу №47 орто мектеп;

- Ош шаарынын мэриясынын “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы" Ташкент көчөсү 60, болжолдуу Карл Маркс мектеби;

- Ош шаарынын мэриясынын “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы. Араван тракты 6 километр, болжолдуу Кеңеш айылынын борбору;

- Ош шаарынын мэриясынын “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгы. Жаңы-Турмуш айылы, Мукумий көчөсү 23;

- Ош шаарынын мэриясынын “Төлөйкөн” айылдык аймактык башкармалыгы. Дыйкан-Кыштак айылы, А.Мамыров көчөсү 77.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан