Жалал-Абадда базардан далысына бычак жеген жаран каза тапты. Шектүү изи сууй электе кармалды

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык милициясына 14-мартта саат 16:25 чамасында калаадагы борбордук базарда бир жигитти башка бир жигит учтуу нерсе менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткендигин кабарлашкан. Жараат алган жаран ооруканага жетпей каза болуп калган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 2003-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү тергөөдө көрсөтмө берип, сөз талашып уруша кеткендиктен каза болгон жигиттин далысынын асты тарабына бычак сайып жибергендигин билдирген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан