Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта аталган мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, иш сапардын жүрүшүндө Орунтаев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен биргеликте Түп айылын кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди аныкташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар катталган.
"Мыйзамдардын сакталышы жана жакшыртуу стандарттары боюнча Мамкурулушка караштуу башкармалыктарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана көрктөндүрүү боюнча сунуш, тапшырмалар берилди", - деп айтылат анда.