Биз социалдык тармакта

Бишкекте кыргыз-француз бизнес форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-француз бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын "MEDEF International" (Франциянын орто жана чакан ишканалар ассоциациясы) уюмунун башкы директорунун орун басары Жеральдин Лямбль менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелери талкууланган. Ошондой эле тараптар быйыл Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун уюштурууну белгилешкен.

"Элчи Шер-Нияз 2023-жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн 200 миллион еврого чейин өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, Бишкек шаарында өтүүчү кезектеги бизнес-форумду Франциянын Тышкы соода министринин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында өткөрүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан