Бишкекте өрт өчүрүүчүлөр эки кабаттуу үйдү өрттөн сактап калышты (видео)

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте өрт өчүрүүчүлөр эки кабаттуу турак үйдү өрттөн сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-кичи райондо жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн бастырмасында өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:35те Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо 10:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

"Кырсыктын кесепетинен бастырманын 55 чарчы метр чатыры, ичиндеги муздаткыч, темир станоктор, кир жуучу машина өрттөнгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр ыкчам аракет көрүү менен бастырмадан чыккан өрттүн жалынын эки кабаттуу үйдүн чатырына жана дубалына өткөрбөй сактап калышты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан