Өлкөдө сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталганын ӨКМ кабарлайт.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.
"Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.