"Кызыңыз кырсыкка учурап, ооруканада жатат". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды (видео)

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-мартта милицияга В.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз адамдар 15-январда ага телефон чалып, өзүн борбор калаадагы ооруканалардын биринин дарыгери катары тааныштырып, кызы кырсыкка учурап, ооруканада жатканын, дарылоого шашылыш түрдө 85 миң сом керек экенин айткан. Андан соң алар алдын ала сүйлөшүлгөн чабарман аркылуу акча жөнөтүүнү суранышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1996-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.


18.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан