Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгында жайгашкан мыйзамсыз салынган мончо жана дүкөн атайын техниканын жардамы менен сүрдүрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта буга чейин аталаган аймакта жайгашкан имараттардын ээсине Баткен шаарынын мэриясы тарабынан бир канча жолу эскертүүлөр берилгени айтылды. Бирок өз убагында, салган курулуштарын бузуп кетбегендиктен Баткен шаарынын мэриясы тарабынан буздурулду.