
"Каракол" тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ошондой эле тротуар жана веложол куруу иштери ишке ашканы турат. Азыркы учурда жолду изилдөө иштери башталды.
"Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурууда", - деп айтылат билдирүүдө.