Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпы өнөр адамдарына кайрылып, аларды телефон шылуундарынан сак болууга чакырды.
Маалымдалгандай, министрликтин атын жамынып, ар кандай шылтоо менен акча алуу аракетин көргөн алдамчылар пайда болду.
"Телефон шылуундары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен чалып жатабыз дешүүдө. Айрыкча министрликтин жетекчилеринин атын атап, “жардам керек”, “сыйлык алып берем”, “акча которуңуз” деген сындуу ар кандай шылтоолор менен акча табуу аракетин көрүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Министрликтен эч кимге ишенбей, жеке маалыматтарды бербей сак болууга чакырышты.