Баткенде баңгизатын даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин кызматкерлери Баткен облусунун аймагында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топко карата масштабдуу атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалып, аларды тинтүү учурунда 1 килограмм 615 грамм гашиш баңгизаты табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган шектүүлөр: мурда бир нече жолу соттолгон, 1967-жылы туулган А.А., ИИМде баңги тобунун мүчөсү катары каттоодо турат. Буга чейин ушундай кылмыш үчүн бир нече жолу соттолгон, 1971-жылы туулган Э.М. жана 1977-жылы туулган Н.М.. Анын үйүнөн марихуананын гибриддик сортторун өстүрүү боюнча нарколаборатория табылып, үйдө притон уюштургандыгы аныкталган.
Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.