Бишкекте Нооруз майрамына байланыштуу айрым борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-21-март аралыгында:
- Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат;
- Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;