
Кадамжайда 8 жыл мурда жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Жеңиш (мурдагы Халмион) айылынын тургуну 1956-жылы туулган Сапаров Орозбай 2016-жылдын июнь айларында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Бул фактыны райондук милиция каттоого алып, 2016-жылы издөө иштерин ачкан.
Сапаров Орозбайдын дене түзүлүшү арык чырай, көздөрү кара, бою 170-175 сантиметр, психикалык жактан жабыркабайт. Өзгөчө белгилери: оң кашынын үстү жагында 1-1,5 сантиметр өлчөмүндө тырыгы бар.
Дайынсыз жоголгон 68 жаштагы Сапаров Орозбай тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранабыз.
Байланыш номерлери: 102, 03655 5-02-29, 0701026968