Биз социалдык тармакта

"Бирөө кыз". Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкек шаарында үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 15-март күнү №2 клиникалык төрөт үйүндө 35 жаштагы Бишкектин тургуну кош бойлуулугунун 36 жумасында кесарево жолу менен үч эм төрөгөн.

Ымыркайлардын төрөлгөндө салмагы: кыз – 2 килограмм 40 грамм, балдар – 2 килограмм 270 грамм жана 2 килограмм 940 грамм болгон.

Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан