Биз социалдык тармакта

"44 миңдей эркек жүрөк оорусуна чалдыкмак". Бир айда 680 миң эркек киши ден соолугун текшертти

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө "Жооптуу бол!" бир айлык акциясы өтүп, анын алкагында 18 жаштан өйдө 680 миң эркек киши ден соолугун текшертүү үчүн дарыгерге көрүнгөнүн кабарлады.
Кабарлагандай, бул саамалык эркектер арасында жугуштуу эмес ооруларды (жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети) алдын алуу, дартты убагында аныктап, дарылоого багытталып, февраль айында өткөрүлгөн.
Бул аралыкта 680 миңден ашык киши баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына кайрылган. Алардын ичинен 149 миң эркек баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 2 жылда биринчи жолу кайрылышкан.
"Көрүнгөндөрдүн ичинен 44 миңден ашык эркектин жүрөк-кан тамыр ооруларына, ал эми 33 миңге жакынынын кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогору болгону аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан