Орусиялык "Урал авиалинии» авиакомпаниясы ушул жылдын 25-майынан тарта Бишкек-Сочи-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Ага ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан Сочиге каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү аткарылат.
"Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча "МЭА" ААК авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт",-деп айтылат маалыматта.